Ош облусунун Ноокат районунда тыюу салынган экстремисттик уюмдун материалдарын таркатып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-июнь күнү Ноокат РИИБинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө Ноокат шаарынын тургуну 26 жаштагы Р.у.Х. өзүнүн Инстаграм тармагындагы жеке баракчасы аркылуу өлкө аймагында тыюу салынган диний экстремисттик уюмдун видео жана аудио жазууларын сактап, таркатып жүргөндүгү аныкталган.
Бул факты Ноокат РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Экспертизанын жыйынтыгы менен Кыргыз өлкөсүнүн аймагында тыюу салынган экстремисттик уюмдарга таандык материал деп таанылып, кылмышка шектүү 30-июнь күнү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Башка кылмыштарын аныктоо боюнча иш-чаралар жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.