Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев бардык ишти таштап эс алууга кетүүнү каалаган жашка келгенин, бирок аны аткара албай тургандыгын айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Чынын айтсам, мен өз курагымда баарынан алыстагым келет, бирок колумдан келбейт. Анткени көптөр кат жазып, жолугушууну сурашат, ошондуктан иштегенге туура келет. Почта чоң, эл аралык жана өзүбүздүкү, бирок бул жакшы болсо керек. Мээ иштеп туруусу үчүн дагы бир нерсе менен алек болуу керек", - деген Назарбаев.
Казакстанды дээрлик 30 жыл жетектеген Назарбаев 2019-жылдын 20-мартында президенттик кызматтан кеткен. Бирок Коопсуздук кеңешинин башчысы жана бийликтин "Нур Отан" партиясынын лидери кызматын сактап калган.