Биз социалдык тармакта

Сот Жеңиш Молдокматовду 6-сентябрга чейин камакта калтырды

Биринчи Май райондук сотунда Жеңиш Молдокматовдун баш коргоо чарасы узартылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталы аталган соттун басма сөз кызматына кайрылганыбызда белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, Биринчи Май райондук соту Жеңиш Молдокматовду 6-сентябрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.

"Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун ушул жылдын 1-июлундагы чечими менен шектүү Молдакматовго карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы каралды. Сотко чейинки өндүрүштүн мөөнөтү 2021-жылдын 6-сентябрына чейин узартылды", - дешти мекемеден.

Башында Ички иштер министрлиги Молдокматовго октябрь окуяларында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратын басып алууга аракет кылган деп айыптаган. Андан соң айыпты “массалык баш аламандык” беренесине өзгөртүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Sara1993
2021-07-02 13:20:41
Жениш Молдокматов эн таза, мамлекет учун иштеген жаш саясатчы, болгону башкалардын абийирин ачып салбасын деп камап койду, аман болгула.ЖЕНИШ МОЛДОКМАТОВГО БОШТОНДУКТУ!!!!!!!!!!
0
modem4999
2021-07-02 14:59:55
Акчалуулар чыгып кетип атат акчасы жоктор камалып жатышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан