Бүгүн, 2-июлда Бишкектин борбордук көчөлөрүндө эскертүүсүз электр жарыгы өчүрүлгөн. Бул тууралуу шаардыктар социалдык тармактагы баракчаларына жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, электр жарыгы саат 10:00дө өчүрүлүп, кайра саат 10:40та калыбына келтирилди. Бирок кээ бир райондордо жарык дагы деле бериле элек.
Бул боюнча "Электр станциялар" ачык акционердик коомуна байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдиришти.
"Бүгүн, 2-июлда саат 10:04тө Бишкек жылуулук электр борборундагы Т-2 трансформатору өчүп калган. Кырдаал көзөмөлгө алынды, ушул тапта кызматкерлер шаймандарды калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатышат. Саат 12:00гө чейин Т-2 трансформатору ишке киргизилет, электр энергиясы калыбына келтирилет", - деп билдиришти мекемеден.