ЖРТдан эң жогорку көрсөткүчкө жеткен 58 окуучу 1-июль күнү өлкө башчысы Садыр Жапаровдун колунан "Алтын сертификат" алышты. Алардын катарында Ош облусунун Ноокат районундагы "Ноокат билимканасы" жатак-лицейинин бүтүрүүчүсү Нурбүбү Нурмаматова Жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алып, "Алтын сертификатка" ээ болгон абитуриенттердин бири. Ал ЖРТдан 226 балл алган.
- Ийгилигиңиз менен куттуктайбыз! Алгач эле өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз
- Саламатсыздарбы, чоң рахмат. Менин атым Нурбүбү, 2004-жылы Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Темир-Корук айылында төрөлгөм. Айылда чоңойгондугум үчүнбү табият менен бекем байланышты дайыма сезем. Кичинекей кезимден бери бир нерселерди изилдегенге, жасаганга, жаңы нерсе үйрөнүүгө кызыгып келем. Бул кызыгууларым кийинчерээк мыкты мугалимдердин, досторумдун колдоосунда толукталды. Ушул жылы "Ноокат билимканасы" жатак-лицейинин бүтүрүүчүсү катары 11 жылдык мектеп убагын аяктадык.
- Жалпы республикалык тестирлөөгө канча убакыт даярдандыңыз?
- ЖРТда негизи тээ бала чактагы жөндөмдөрдөн тартып азыркыга чейинки жөндөм, билимиңди текшерет экен. Ал эми мен ЖРТга катуу киришип, даярдыкты 10-классты аяктагандан кийин баштадым (толук 1 жыл). Ар күнү көп убакыт бөлүп, план менен иштедим.
- Алтын сертификатка ээ болгонуңузду укканда кандай сезимде болдуңуз?
- Жыйынтыкты укканда университеттер тууралуу маалымат издеп жаткам, күтүлбөгөн учурда чыккандыгы үчүн кубанып да, ишенбей да турдум.
- Президенттин өз колунан “Алтын сертификат” алдыңыз. Ошол учурдагы сезимдериңиз кандай болду?
- Таң калычтуу, бирок абдан толкунданган сезимдер болгон жок.
- Келечекте кайсы кесипти аркалайын деп турасыз жана кайсы университетке тапшырууну пландап жатасыз?
- Келечекте өзүмдү медицина жана технология тармактарында көргүм келет. Университеттерди изилдеп жатам. Бирок бирөөсүнө да токтоло элекмин.
- Кийинки жылкы бүтүрүүчүлөргө ЖРТга даярданууга кандай кеңештерди бересиз?
- Тесттин түзүлүшү менен таанышып, аксаган бөлүгүн жакшыртуу үчүн план түзүп, ошол боюнча иштесе эффективдүү болот. Мындан сырткары сынамык тесттерди көп жазуу жана талкуу менен каталардын үстүнөн иштөө керек. Бул тест учурунда толкунданбай, ишенимдүү отурууга жардам берет. Негизинен "улуу максат - улуу адамды пайда кылат" дегендей, максатты бийик жана так аныктаганда адам өзүн кыйнабаса деле ошол максат дайыма алдыга жылууга түртүп турат. Албетте, бул үчүн китептер, адамдар, кээде фильмдер да себепчи болушу мүмкүн. Ошондуктан ар тараптуу жеке инсан болууга аракет кылуу керек.
- Нурбүбү, маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Келечегиңиз кең болсун.