Чоң Чүй каналынан аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Аламүдүн районунун Көк-Жар айылындагы каналга аял киши түшүп кеткен. Аталган канал Чоң Чүй каналына кошулуп кетет. Жерине Аламүдүн райондук ӨКБдан 4 куткаруучу, Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган. Издөө иш-чараларынын натыйжасында, куткаруучулар тарабынан Чоң Чүй каналынан аял кишинин жансыз денеси табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилди", - деп билдиришти аталган мекемеден.