"Ош базарынын" аймагындагы көчөлөрдө мыйзамсыз соодага каршы күрөш уланууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мыйзамсыз соодага салым кошкон 38ден ашуун ар кандай объектилер, курулмалар (кол чатырлар, столдор, отургучтар, түркүктөр, коляскалар) алынган. Ошондой эле соода иш-аракеттерин базардын белгиленген чегинен тышкары жүргүзүүгө жол бербөө максатында соода кызматкерлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.