УКМК Интерпол издөө жарыялаган орусиялык жаранды кармады

Бүгүн, 2-июль күнү УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү фактысы менен 26 жаштагы Орусиянын жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалган жаранды Орусия Федерациясынын аймагына экстрадициялоо боюнча зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Шектүү Орусиядагы Барнаул шаарында "банк ишиндеги ири көлөмдөгү алдамчылык" боюнча оор кылмыш жасагандыгы үчүн Интерпол тарабынан эл аралык издөөгө алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Belek1710
2021-07-02 16:52:52
Кредит алып эч нерсе кыла албайт деп жүрүшөт биздикилердин көөбү, абайлагыла минтип эле 1 күндө таап алат, жаман ойго берилбегиле.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан