Өз өлкөсүндө издөөдө жүргөн Өзбек жараны Жалал-Абадда колго түшүрүлдү

Өз өлкөсүндө издөөдө жүргөн Өзбек жараны Жалал-Абад облусунда кармалды. Бул туурасында бүгүн, 2-июлда Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, комплекстүү издөө иштеринин жүрүшүндө 1972-жылы туулган Ж.Н. Ала-Бука районундагы Коргон аймагында колго түшүрүлгөн.

"Алдын ала маалыматка ылайык, кармалган жаран Өзбекстанда бир катар мыйзам бузууларга шектелип жаткан. Тиешелүү документтер түзүлгөндөн кийин коңшу өлкөнүн жараны ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлдү", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан