Бүгүн, 2-июлда Борбордук шайлоо комиссиясына Нуржан Шайлдабекова төрайым болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган комиссия тарабынан белгилүү болду. Учурда орун басарларды дайындоо маселеси каралууда.
Борбордук шайлоо комиссиясын жетектөөгө Абдыжапар Бекматов менен Нуржан Шайлдабекованын талапкерлиги каралды.
30-июнда Жогорку Кеңеш Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамын шайлады. Бул курамга 101 депутат "макул" деп добуш беришкен.