Футбол: Гүлжигит Алыкулов алыскы аралыктан укмуштуудай гол жаратты (видео)

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын жана Казакстандын "Кайрат" клубунун жаш жана таланттуу оюнчусу Гүлжигит Алыкулов фубол боюнча Казакстан чемпиондугунда алыскы аралыктан укмуштуудай сокку узатып, гол жаратты.

"Атырау" клубуна каршы оюнда Гүлжигит Алыкулов оюндун экинчи бөлүгүндө чыкты. Оюндун 69-мүнөтүндө кыргыз футболчусу алыскы аралыктан каршылаштарынын дарбазасына кубаттуу сокку узатып, гол жаратты. Оюн 5:0 эсебинде "Кайрат" клубунун жеңиши менен аяктады.

"Кайрат" футболдук клубу муну менен 3 упай алып, жалпы 37 упай топтоп, турнирдик жадыбалда "Астана" жана "Тобол" командаларынан кийин үчүнчү орунда келе жатат.

Гүлжигит Алыкулов укмуштуудай гол жаратты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Real98
2021-07-02 21:53:49
Жинди тебиптир, молодец Гүжү!
+10
aslonur
2021-07-02 21:55:34
Азаматсың Гулжигит!!! Биздин дагы бир сыймыгыбыз
+10
Suior85
2021-07-02 22:46:54
Жоо кеткенден кийин кылычынды ташка чап
-7
souza.j
2021-07-03 03:22:49
Буду в перёд
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан