Биз социалдык тармакта

Кыргыз унаасы Казакстанда кырсыкка кабылды. Казак жараны ага үч күндөн бери кыргыз унаалары токтобой жатканын айтып таң калды (видео)

Коңшу Казакстандын Уральск шаарына жакын жерде Кыргыз жаранынын жүк ташуучу унаасы кырсыкка кабылып, үч күндөн бери жатат. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.

Видеодо көрүнгөндөй, Казакстандын жараны кырсыкка кабылган унаа кыргыз унаасы экенин айтып, бирок эч бир кыргыз номерлүү унаалар үч күндөн бери токтобой жатканын белгилеп, таң калып жатканын жашырган эмес.

"Айдоочулардын айтымында, кырсыкка кабылганына үч күн болгон. Алардын айтымында, үч күндөн бери эч ким токтобой жатат. Урматтуу кыргыз туугандар, казак туугандар! Келгиле жардам берели. Мына азыр эле эки кыргыз унаасы өтүп кетти. Чынын айтсам мен таң калып жатам", - деген ал.

Казакстанда кыргыз унаасы үч күндөн бери кырсыкка кабылган абалда жатат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
zilish_kg
2021-07-02 22:55:36
Орустар айтмакчы водительская солидарность деген сапат жоголуп баратат. Мурун элдер токтоп, жардамдашып оңдоп же тартып кетишчү азыр пейилибиз бузулду.
+13
karapayim
2021-07-02 23:01:18
А че у казахов помощи не просите)) Водитель казах машина кыргыз, помощь нужно просит у кыргызов)))
Ну вообще то любой водитель должен помочь, нация не имеет значение!!!
+7
Belek1710
2021-07-02 23:08:20
МЧС жокбу Казакстанда чалып сурасын да, кыргыз туугандар Казакстанга араң 1 жумада кирип чыгып кеткенге шашылат.
+6
nazira...
2021-07-03 00:38:26
Ичинин баарын тоноп жок кылышкан окшойт, байкуш ким болсо да аман эсен бекен деги. Жол азабы гөр азабы дешет го, мусапыр эле болосун бирөөнүн элинде.
0
umarbey
2021-07-03 00:48:10
Voditeldin kosyagi bolushu mumkun. Azirki kundo alardin telegram, whatsapp gruppalari bar. Kim ne bolup atkanin jakshi bilet.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан