"Евро-2020": Испания Швейцарияны пенальтилер сериясында жеңип, жарым финалга чыкты

Бүгүн, 3-июлга караган түнү футбол боюнча Европа чемпиондугунун 1/4 финалдык оюндары башталды.

Анда Санкт-Петербург шаарындагы "Газпром Арена" стадионунда Испания курамасы менен Швейцария курамасы кез келди. Беттештин негизги 90 мүнөттүгү 1:1 эсебинде аяктап, оюн кошумча 30 мүнөттүк менен уланды. Командалар анда дагы эсеп санын өзгөртө албай, оюн пенальтилер сериясына жетип, анда Испания 3:1 эсебинде жеңишке жетти.

Муну менен Испания турнирдин жарым финалына чыкса, Швейцария үйүнө кайтат. Жарым финалда Испания Бельгия - Италия жубунун жеңүүчүсү менен кез келет.

1/4 финал: Испания - Швейцария (1:1), (3:1);

Голдор: Денис Закариа (8-м, өзүнүн дарбазасына), Жердан Шакири (68-м).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
algakaray
2021-07-03 03:06:15
Уч футболчусу тен пенальти тебе албай койду соонун шанс бар эле утканга Щвецарияда
0
TIMON_BERKOWITZ
2021-07-03 07:40:04
Ян Зоммер легенда болот буюрса!
-2
Esenali
2021-07-03 09:05:55
италия испания
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан