XXXII жайкы Олимпиада оюндарына ийгиликтүү даярдануу максатында фехтование боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Роман Петров Киев шаарында эл аралык окуу-машыгуу жыйын өткөрүп жатат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.
Окуу машыгуу жыйын 25-июнда старт алып, 12-июлга чейин уланат.
Белгилей кетсек, спортчу машыктыруучусу Александр Черныхтын жетекчилиги алдында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш-сапарга жөнөтүлгөн.
Роман Петров Олимпиада оюндарына жолдомону апрель айында Ташкент шаарында өткөн Азия-Тынч океан квалификациялык мелдешинде жеңип алган.