"Токио-2020": "Фаворит спортчу". Олимпиада оюндарынын эң жаш катышуучусу 13 жашта

Быйыл жайында Япониянын борбору Токио шаарында өтө турган XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын эң жаш катышуучусу англиялык 13 жаштагы Скай Браун аттуу кыз болот. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, 13 жаштагы спортчу Олимпиада оюндарына быйыл алгачкы ирет кошулуп жаткан скейтбординг боюнча катышат. Скай Браун 4-августта Ariake Urban Sports Park спорттук аренасына чыгат жана бул күнү ал 13 жаш 11 күнгө толгон болот.

Ошондой эле Улуу Британиянын скейтбординг командасында 14 жаштагы Бомбетт Мартин аттуу спортчу дагы бар.

Скай Браун 8 жашында аталган спорттун түрү менен машыга баштаган. Учурда ал дүйнөлүк рейтингде үчүнчү орунда турат. Ал Олимпиада оюндарында негизги фаворит спортчулардын бири.

Токиодогу Олимпиада оюндары 2020-жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин өтүшү керек болчу. Бирок коронавирус пандемиясынан улам Олимпиада бир жылга жылдырылган. Эми Олимпиада быйыл, 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан