Футбол: Кевин Де Брюйне Италияга каршы оюнга олуттуу жаракатына карабай чыкканын айтты

Бельгия курамасынын жарым коргоочусу Кевин Де Брюйне Европа чемпиондугунун 1/4 финалындагы Италия курамасына каршы оюнда талаага олуттуу жаракат алганына карабай чыккан. Бул тууралуу УЕФА уюму жарыялады.

"Жеке мен үчүн акыркы төрт-беш жума оор болду. Баарынан да биздин медициналык кызматкерлерге ыраазычылык билдиргим келет. Мен Италияга каршы оюнга томугумдан олуттуу жаракат алганыма карабай чыктым. Себеби өлкө үчүн жоопкерчиликти сездим. Мен оюнда эч нерсе кыла албаганым жаман болду", - деген футболчу.

Бельгия - Италия оюнунда Кевин Де Брюйненин башка командалаштарына караганда бир топ активдүү ойноп, кооптуу учурларды жаратканын баса белгилей кетүү керек.

Бул оюнда Бельгия Италияга 2:1 эсебинде жеңилип, турнирден четтеп калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан