Бүгүн, 3-июлдан 4-июлга караган түнү футбол боюнча Европа чемпиондугунун 1/4 финалынын акыркы оюндары өтөт. Бүгүнкү оюнда 4 команда жарым финалга чыгуу үчүн күч сынашат.
Оюндардын тизмеси: Чехия - Дания;
Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.
Украина - Англия;
Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө башталат.
Жалпысынан турнирге 24 команда катышып, алар 6 тайпага бөлүнгөн. Тайпалык баскычтын жыйынтыгы боюнча, плей-офф баскычына 16 команда чыккан.