Окумуштуулар XXI кылымдын аягында адамдар 132 жашка чейин жашап калышы мүмкүн экенин айтып чыгышты

Америкалык окумуштуулар XXI кылымдын аягында дүйнө жүзүндөгү адамдардын эң жогорку жашоо чеги 125-132 жыл болушу мүмкүн экендигин аныкташкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Вашингтон университетинин окумуштуулары статистикалык изилдөө аркылуу 2100-жылга чейин адамдардын жашоосунун максималдуу узактыгын эсептөөгө аракет кылышкан. Ал бир нече параметрлерди камтыган. Мисалы, медицинанын өнүгүшү, генетика жана башка факторлор.

Изилдөөнүн жыйынтыгы менен окумуштуулар XXI кылымдын аягында айрым адамдар 125-132 жашка чейин жашай алышат деген тыянакка келишкен. Алар адамдын 126 жашында өлүү ыктымалдыгы 89 пайызды, ал эми 130 жашта 13 пайызды түзөт деген тыянакка келишкен.

Белгилей кетсек, эң узак жашаган боюнча абсолюттук рекорд 1997-жылы 122 жаш 164 күнүндө каза болгон франциялык Жанна-Луиза Калманга таандык. Ал эми азыр болсо дүйнөдөгү эң улгайган адам 2021-жылы январда 118 жаш мааракесин белгилеген япониялык Кейн Танака болуп эсептелет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Belek1710
2021-07-03 20:33:39
Зор го, биз көрбөсөк дагы балдарыбыз, неберелерибиз жашасын.
+4
bratanyn
2021-07-03 22:25:52
Эртеңки күндүн эмне болушун бирАЛЛАХ билет!Менин жэке оюм,азыр оорунун түрлөрү көбөйүп жашарып бараткандай.
+1
Apyn8793
2021-07-03 23:01:05
Канчадасын десе тигиниси 100домун десе анда беркиниси Жаш эле экенсин мен 110домун деп калышат экен да )))
+2
algakaray
2021-07-04 00:20:13
Окумуштуулар дооруй беришет.
+3
Kanybekov94
2021-07-04 02:00:49
Дагы бираз кошуп койсо олуп кетишеби 135 кылып
+2
Nuret94
2021-07-04 03:12:44
Акыркы пайгамбар Мухаммад с.а.в дын үммөтүнө берилген жаш орточо эсеп менен 60-70 жаш аралыгы. Ал эми садака өмүрдү узартат..
+3
Asmat84
2021-07-04 13:30:50
Окумуштууларың мурунтан кетмен чаап атышты бекен. Ушул нерсени мурунтан эле ойлонушпайбы десең. Балким биз да ошентип 128ге 132ге чыгып калат белек
+1
CAPATAH
2021-07-04 20:58:10
Бу .албаеп тор чегип алып жазышканбы же ичип алыппы?
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан