Биз социалдык тармакта

Коронавирус: Бишкек шаарынын вице-мэри шаардагы эмдөө пункттарын текшерди

Борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева шаардагы эмдөө пункттарынын ишин текшерди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлады.

"Текшерүүнүн жүрүшүндө эмдөө пункттарына келгендер үчүн бардык шарттар болушу керектиги белгиленип, ал дагы жумушту уюштуруу боюнча өзүнүн сын-пикирлерин жана сунуштарын айтты", - деп жазылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, Мозгачева №2 орто мектепте уюштурулган "118" ишеним телефонунун колл-борборунун иштөө шарттары менен таанышкан. Колл-борборго барган вице-мэр операторлор үчүн ашкана уюштурууну тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан