"Евро-2020": Украина Англияга ири эсепте жеңилди

Бүгүн, 4-июлга караган түнү футбол боюнча Европа чемпиондугунун 1/4 финалынын акыркы жуптук оюндары болуп өттү.

Анда Украина курамасы менен Англия Рим шаарында кез келип, оюн 0:4 эсебинде Англиянын жеңиши менен аяктады. "Тоттенхэмдин" чабуулчусу Харри Кейн 4-мүнөттө эле биринчи бөлүктөгү жалгыз голду жаратты. Экинчи бөлүктө Англия атаандаштарынан бир топ күчтүү болуп, каршылаштарынын дарбазасына жоопсуз 3 гол киргизди. Жалпы эсеп 4:0 болуп, Англия татыктуу түрдө турнирдин жарым финалына чыкты.

Жарым финалда Англия Дания курама командасы менен кез келет. Бул эки команданын оюну 8-июль күнү Лондон шаарында өтөт.

Украина - Англия (0:4);

Голдор: Харри Кейн (4, 50-м), Харри Магуайр (50-м), Жордан Хендерсон 63-м).

Украина - Англия (0:4)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан