Орусияда 2 жана 4 жаштагы кыздар ысыкта унаада калып чарчап калышты

Орусиянын Ростов облусунда 2 жана 4 жаштагы кыздар ысыкта унаадан чыга албай чарчап калды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 3-июлда Каменск районундагы үйдүн короосунда 2017 жана 2019-жылы туулган эки кыз ойноп жатып, жакын жерде турган унаага түшүшкөн. Апасы аларды издеп таба албай, полиция чакырган. Кийинчерээк кыздардын жансыз денеси унаанын ичинен табылган.

Алдын-ала маалыматтар боюнча, кыздар унаанын ичиндеги жогорку температурадан улам чарчап калган. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, бул иш боюнча кылмыш иши козголду.

Ростов облусунда июндун ортосунан баштап аба ырайы кескин ысый баштаган. Синоптиктер 3-4-июль күндөрү аталган аймактын түштүк жана чыгыш аймактарында абанын температурасы 40 градуска чейин жетерин эскертишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Gulina90
2021-07-04 20:06:52
Аллахым сабыр берсин апасына ото окунучтуу.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан