Филиппинде аскердик учак кулады. Учактын ичинде 85 адам бар болчу

Бүгүн, 4-июлда Филиппиндин Сулу провинциясында бортунда 85 адам бар болгон аскердик учак кулады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, учак аэропорттун учуп-конуу тилкесине коно албай кырсыкка учураган. Учурда борттогу 85 адамдын 40ка чукулу куткарылды. Учурда издөө иш-чаралары улантылууда.

Чет элдик басылмалар учак кырсыгынан каза болгондор бар болушу мүмкүн экенин жазышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан