Түркия Баткенге стадион куруп бермей болду

1-июлда Кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиядагы жаш ишкерлер ассоциациясынын (TUGIAD) төрайымы Нилүфер Чевикел менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо жана TUGIAD'дын Кыргыз өлкөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пландары талкууланган.

"Н.Чевикел Кыргыз өлкөсүнө болгон иш сапары жөнүндө жана башка долбоорлордун катарында TUGIAD ТИКА жана биздин өлкөдөгү түрк ишкерлери менен биргеликте жакын арада Баткен облусунда стадион куруу долбоорун ишке ашыра турганын маалымдады", - деп жазылат билдирүүдө.

Өз кезегинде элчи Өмүралиев Кыргыз өлкөсүнүн инвестициялык потенциалы жөнүндө маалымат берди жана Кыргыз өлкөсүндө өндүрүлгөн товарларды ЕАЭБдин 180 миллион кишилик базарына, ошондой эле ЖПС+ жана ЖПС программаларынын алкагында Европа Биримдигине 6200 жана АКШга 3200 товардын түрлөрүн бажы төлөмдөрсүз экспорттоо мүмкүнчүлүгү бар экенине көңүл бурду. Ошондой эле биздин мамлекетте салыктар жана бизнес жүргүзүү чыгымдары төмөн экендигин белгилеген.

Н.Чевикел TUGIAD мүчөлөрү Кыргыз өлкөсүнүн текстиль, энергетика, кайра иштетүү өнөр жайы жана спорт тармактарына инвестициялоого кызыкдар экендигин айтты.

Элчи Өмүралиев банк тармагына жана айыл чарбага инвестициялоону сунуштады. Ошол эле учурда элчи Кыргыз өлкөсүндө башынан ачык жана айкын, мыйзам чегинде иштеген түрк ишкерлери 20 жылдан ашуун убакыттан бери биздин мамлекетте иштеп келгендигине маектешинин көңүлүн бурду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
u02u02
2021-07-04 14:51:31
Стадион жонундо толугураак маалымат жазсанар кандай стадион канча кишилик? Же мини футбольный полябы?
+9
jigit.paren
2021-07-04 15:23:01
15000 кишилик дүйнөлүк стандарттагы стадион
-2
nazira...
2021-07-04 16:05:20
Деги биздин бирөөлөргө жардамыбыз тиеби, качанга чейин ушинтип тилемчилеп жүрөбүз. Качан кутулабыз карыздан. Жардам эле алабыз качантан бери, алады жепжутарлар жеп каробкасын эле калтырып коюп жатышат. Текшерген эч ким жок, текшерүүчүлөр кошо жеген үчүн. Дагы уялбай кайра эле жардам алабыз, качан тоёбуз деги, качан токтойт.
+17
Zumrudianka
2021-07-04 19:10:05
nazira...,артынды карачы барбы озу стадион кураар даремет. Сабр кылсак наалый бербестен, Аллах бизге да насип этет башка олкого жардам колун сунганы и инвестор болгону.
-6
Datka7777
2021-07-04 23:25:20
Zumrudianka,Назира туура Эле айтты
+1
AdylbekB84
2021-07-04 19:56:07
nazira...,туура сөздү жаздыңыз, качанга чейин жардам сурайбыз
+4
Nurgazy.kanykei.abuw
2021-07-04 16:34:46
жана Туркменстан куруп берет деп жазды элего
-2
nurik73
2021-07-04 21:06:28
уят. ушинтип мактанбай эле койсок.
Качан озубуз курганда айтыш керек да мына озубуз куруп атабыз деп. Байкуш болуп калдыкпы ошондо биротоло
+1
Taalai-bek
2021-07-04 22:35:10
Мен ойлоптурмун улуттук чоң стадион курула экен деп. Кеминде 25-30000миң адам бата турган деп. Анан да жаман ойумда эми алар стадионго туркчо ат берет ко деп алганымчы. Бирок жогорудагылар жазгандай качан токтотобуз жардам алганды
0
bekhaliev
2021-07-05 07:40:12
Ташкенте десней парк ачылыптыр корсон оозун ачылат
-1
Dembele84
2021-07-05 10:34:58
Самсаалап жардам сураганыбыз сураган.
0
Asmat84
2021-07-05 11:35:27
Стадионго караганда ошончо акчага завод фабрика куруп беришсе жакшыраак беле. Дегеним бир аз да болсо өз элибиз мигрант болбой өз жеринде өз элинде өз балдары менен жашаар беле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан