Филиппиндин Сулу провинциясында кулаган С-130 аскердик учагынын ичиндеги 92 адамдын ичинен кеминде 17си каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты.
Андагы маалыматта, дагы 40 адам жаракат алган. Алдын ала маалыматтарга караганда, учакта 92 адам бар болчу. Анын ичинде үч учкуч жана экипаждын дагы беш мүчөсү болгон. С-130 учагы Сулу провинциясындагы Холо аралына конууга аракет кылып жатып кулап түшкөн. Филиппиндин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы, генерал Сирилито Собехананын айтымында, учак учуп-конуу тилкесине жеткен эмес.
Учурда издөө иш-чаралары улантылып жатат.