Жакынкы аралыкта борбор калаада абанын температурасы жогорулап, күн ысык болот. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы кабарлады.
"Шаар тургундары жана коноктору күн сайын эртең мененки саат 10:00дөн кечки 19:00гө чейин иштеп жаткан фонтандардан салкындыкты сезе алышат. "Ала-Тоо" борбордук аянтындагы жана Тарых музейинин маңдайындагы фонтандар кечки саат 21:00гө чейин иштейт. Фонтандар 2 жумада бир тазаланып турат", - деп жазылат билдирүүдө.
Ошондой эле Бишкек мэриясы шаар көчөлөрү түнү менен жуулуп жатканын белгиледи. Көчөлөрдү жуу иштери болжол менен түнкү саат экиде башталып, таңкы саат 6-7ге чейин созулат.