"Евро-2020": Англия-Украина беттешине Украинанын мурдагы президенти Порошенко мас болуп келген (видео)

Бүгүн, 4-июлга караган түнү футбол боюнча Европа чемпиондугунун 1/4 финалынын алкагында өткөн Украина-Англия беттешине Украинанын экс-президенти Пётр Порошенко мас болуп келген. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, Порошенко Украина жеңилгенден кийин комментарий берген. Көпчүлүк интернет колдонуучулары анын мас экендигин байкаган.

"Биз улуттук курама командабызга жан тартып, алар утулуп калса дагы биз Украинаны ушинтип кубаттаганыбыз туура", - деген Порошенко.

Учурда интернет айдыңында Порошенконун бул акыбалын сындагандар дагы, кубаттагандар дагы болууда.

Бул беттеште Англия Украинаны 4:0 эсебинде жеңип, жарым финалга жолдомо алды.

Украина-Англия беттешинде Петр Порошенконун мас экендиги байкалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
patriot_doni
2021-07-04 18:45:48
Мен агынан урам,Соке кызылынан урат болуптурда биягы…
-2
Nur777
2021-07-05 09:04:31
patriot_doni,наоборт эмеспи,Соке агынан урат да))) анан намазын окуп алыып,козун жумуп жашап журо берет эле го,козум корбосун,кулагым укпасын деп...
-2
Nur-sultan
2021-07-04 19:43:32
Ичсе иче берсин. Азыр президент эмес
+5
Ak_Bulut
2021-07-05 00:10:50
Nur-sultan,эркекче жооп болуптур )
0
kkkk3259780
2021-07-05 05:33:00
сага баары бир эмеспи деген эч ким жокпу..
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан