Филиппиндин аба күчтөрүнүн С-130 аскердик-транспорттук учагынын кыйрашынын натыйжасында борттогу 96 кишинин 47си каза болду. Бул тууралуу Филиппиндин Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы Сирилито Собеханага таянуу менен чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, каза болгондордун үчөө жергиликтүү тургун болгон. Ал эми 49 адам ар түрдүү жаракаттарды алган. Учакта аскер кызматкерлери болгон жана алардын көпчүлүгү жаңы гана даярдыктан өткөн жоокерлер болчу.
Кырсыкка учураган C-130 "Геркулес" аскердик-транспорттук учагын Филиппинге АКШ өз ара жардамдашуу максатында берген эки учактын бири.