Футбол боюнча Европа чемпиондугунун 1\8 финалынын алкагында ойногон Швейцария-Франция беттешинде Франциянын эки футболчусунун ортосунда жаңжал чыккан. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, оюндун жүрүшүндө коргоочу Бенжамен Павар Рафаэль Варанга барып, жарым коргоочу Поль Погба коргонууга жардам бербей жатканын айткан. Варан анын сөздөрүн Погбага айткандан кийин эки футболчунун ортосунда оозеки жаңжал чыгып, ал чечинүүчү бөлмөдө уланган.
Көпчүлүк спорт басылмалары "Евро-2020" турнирине катышуу үчүн чакыруу алган Франция курамасынын көптөгөн футболчулары бири-бири менен мамилеси солгундап кеткенин жазышты. Алсак, Киллиан Мбаппе менен Антуан Гризманндын, Карим Бензема менен Оливье Жирунун мамилелери келишкен эмес.
Футбол эксперттери ушундан улам Франция Швейцарияга 1/8 финалда жеңилип калганын айтышкан.