"Талибан" кыймылы 24 сааттын ичинде Ооганстандын 9 районун басып алды

Акыркы бир сутка ичинде "Талибан" кыймылы Ооганстандын 9 районун басып алып, көзөмөлгө алууга өтүштү. Бул тууралуу ооган телеканалдарына таянуу менен чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, акыркы 24 сааттын ичинде "Талибан" кыймылы Ооганстандын Пакистан менен чектешкен Кофаб, Арго, Кохистан, Зибак, Яван, Панжвай, Зерок жана Тажикстан менен чектешкен Уорсаж райондорун көзөмөлгө алган.

Буга чейин Тажикстан "Талибан" кыймылы менен кагылышууда артка чегинген 300 Ооган аскерин кабыл алгандыгы кабарланган.

Ооганстанда акыркы бир нече айдын ичинде көптөгөн аймактар "​​Талибан" кыймылынын колуна өткөн. Акыркы эки-үч күндө эле бул өлкөдөгү өкмөттүк күчтөр 15 райондон чыгып кетүүгө аргасыз болушкан. Ал эми 22-июнда "Талибан" кыймылы Тажикстан менен Ооганстандын чек арасындагы "Шерхан-Бандар" аттуу бажы өткөрмө пунктун басып алган.

1-майда АКШ баштаган чет элдик аскерлер Ооганстандан чыгып кете баштагандан кийин "Талибан" согушкерлери өкмөттүк күчтөргө каршы айыгышкан күрөштү улантууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Asmat84
2021-07-05 11:21:28
Мен чындыгында эч түшүнбөдүм Талибан кыймылы кимдер булар? Оппозиция бийликти басып алды деген сөзбү же башкабы билими кобурооктор түшүндүрүп бергилечи
0
Rifle_I
2021-07-05 12:03:34
Asmat84,Юрий подоляканын юхубда каналы бар. Ошону көрсөңүз. Геоплитиканы жакшы түшүндүрөт. Нейтралдуу маалымат айтат.
0
Ulan899
2021-07-05 12:52:28
Asmat84,террористтер.
-2
zamir_kgz
2021-07-06 07:00:01
Ulan899, КМДБнын фатва бөлүмүндө иштейсинби?
0
Ale
2021-07-05 16:56:02
Тажикстанды баса турган болсо эки ооз соз менен эле алып койгудай булар тынч жатпайт
+2
zamir_kgz
2021-07-06 07:02:57
Ушунчалык ойлогон максаты ишке ашып жатса Кудай колдогон адам баласы экен да булар, мисалга Жараткан колдоп Садырда түрмөдөн Бийликке өткөрүп койдуго!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан