Бишкекте газ баллон жарылып турак үй жана дүкөн толугу менен күйүп кетти

Бишкекте үй жана дүкөн толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Свердлов районунун Суворов көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн чатырынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 өрт өчүрүүчү бөлүмү тартылып, саат 15:24тө өрт чектөөгө алынып, саат 16:44тө толук өчүрүлдү.
Өрттүн кесепетинен жалпы аянты 190 чарчы метр турак үй жана дүкөн толугу менен күйгөн. Өрт болгон жерде бир газ баллон жарылган, бактыга жараша, эч ким жабыркаган эмес.
Өрттүн келип чыгуусуна тиричилик газ буюмдарын пайдаланууда коопсуздук эрежелеринин бузулушу себеп болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан