Жалал-Абад облусунун Кербен шаарындагы Базар көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.
"Кербен шаарынын Базар көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн 98 чарчы метр чатыры жана оор жүк ташуучу унаанын 7 даана дөңгөлөгү күйгөн. Өрттү өчүрүүгө ӨКБдан бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган, саат 12:46да өрт чектөөгө алынып, саат 13:20да толук өчүрүлдү.