Казакстанда талаа өрттөнүп, жүздөгөн мал-жандыктар кырылып калды

Казакстандын Караганда облусунда талаа өрттөнүп, кырсыктын кесепетинен жергиликтүү тургундардын негизги киреше булагы болгон жүздөгөн мал-жандыктар кырылып калды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Окуя болгон жерден тартылган видео жана сүрөттөр социалдык тармактарга жарыяланган. Белгилүү болгондой, Улуутоо районунун Байконур айылында эле 300дөй мал-жандык өлгөн.

"Керегетас, Ойшыбар, Калыбай, Демеубай, Сарысай, Кызылсай, Ермек жана башка айылдардын тургундары жабыр тарткан. Айылдыктар алардын көйгөйүнө көңүл буруп, маселени чечүүнүн мүмкүн болгон жолдорун таап берүүнү өтүнүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 4-июлда Караганда облусунда 12 табигый өрт очоктору көзөмөлгө алынган.

4-июль күнү кечинде жергиликтүү тургундар Улуутоо районунун аймагындагы Коскол айылынан түндүк-батыш тарапта 40 чакырым алыстыкта ​​күйүп кеткен УАЗ автоунаасын табышкан. Анын жанында 1998-жылы туулган баланын күйүп кеткен жансыз денеси табылган. Каза болгон адам ыктыярдуу өрт өчүрүүчү топтордун катарында болгон эмес жана талаа өрттөрүн өчүрүүгө катышкан эмес. Өлүмдүн себеби такталууда.

Караганда облусунда өрттөн мал-жандыктар кырылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Asmat84
2021-07-05 11:17:41
Кудай сактасын баурларыбызга да жаман болуп атат
Табиат кырсыгынан Аллахым өзү сактасын
+6
algakaray
2021-07-05 11:32:39
Кудай сактаа балее кырсыктардан.
+5
nazira...
2021-07-05 20:21:49
Шүгүр кылалы, бейиштей жерде жашайюыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан