Депутат Бейшеналы Нурдинов карышкыр, чөө аткандарга сый акыны көбөйтүү сунушталып жатканын айтты. Бул тууралуу ал "Парламент" радиосуна билдирди.
Депутаттын айтымында, эл арасында карышкыр атып алгандарга 6 миң сом, чөөнү жок кылгандарга 2 миң сом сый акы берилчү. "Азыр ушул сумманы жогорулатуу талабы коюлууда. Карышкыр аткандарга 10 миң сом, ал эми чөөдөн куткаргандарга 5-6 миң сом болсун.
Аркар, кулжалар көбөйгөндө, карышкырлар да капталдан чыгып, катарын көбөйтүүдө. Эгер жаратылыштагы жапайы жаныбарларды сактайлы, - десек тартипти тең орнотуу зарыл. Мисалы, аркар, кулжа атып алгандарга салына турган айып бери жагы 10 миң доллар. Ал эми аларга кол салган жырткычтарды атып алганың үчүн сый акы болуп – болбогон акча. Ошондуктан, айбаттуу жаныбарлардын жайыттарга жай баракат кирип келишине каршы турган мергенчилердин мээнетин адилет баалоо керек.
Иштелип чыккан токтомго ылайык, карышкыр аткандарга каралган сый акы 10 миң сом, чөөлөргө 5 миң сом, бөлтүрүктөргө 2,5 миң сом төлөнөт. Ал эми алардын териси баалуу, эти шыпаа болгондуктан алар ошол мергенчинин менчигинде кала берет”, - деди депутат.