Тиматинин мурдагы жубайы, белгилүү орусиялык модель, блогер жана теле алып баруучу Анастасия Решетова бир нече жыл куранды үйрөнүп, андан кийин ислам динин кабыл алганын айткан. Бул тууралуу орусиялык басылмалар Решетованын социалдык баракчасына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ал Инстаграм социалдык баракчасында түз эфирге чыгып, бир адамдын айынан ислам динин кабыл албаганын, ал ичимдиктен баш тартып, динди карманууга аракет кылып жатканын айткан.
Анын айтымында, адам мындай чечимге бирөөнүн жетелөөсү менен эмес, өз алдынча келиши керек деген.