Советтик жана орусиялык кинорежиссёр Владимир Меньшов 81 жашында коронавирустан каза болду. Бул тууралуу "Мосфильм" киностудиясынын расмий сайтында айтылат.
Меньшов 1939-жылы 17-сентябрда Бакуда туулган. Анын "Москва көз жаштарга ишенбейт" тасмасы "Эң мыкты чет өлкөлүк тасма" номинациясы боюнча "Оскар" сыйлыгын жеңип алган. Ушундан кийин ал дүйнөлүк атак-даңкка ээ болгон. Ошол эле жылы СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, 1989-жылы Орус ССРинин Эл артисти наамын алган.
Меньшовдун 1984-жылы тарткан "Сүйүү жана көгүчкөндөр" тасмасы ага белгилүүлүк алып келген. Актёр катары да ал көптөгөн советтик жана орусиялык кинолордо ойногон.
Меньшов актриса "Москва көз жаштарга ишенбейт" тасмасында башкы ролду ойногон Вера Алентовага үйлөнгөн. Алардын кызы Юлия Меньшова белгилүү теле алып баруучу.