6-10-июль күндөрү коңшу Тажикстанда абанын температурасынын катуу ысышы күтүлүп жатат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн синоптиктерине таянуу менен жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, бул күндөрү Тажикстандын өрөөндүү аймактарында абанын температурасы +39, +44 градуска чейин, ал эми түштүк аймактарда +45, +48 градуска чейин ысышы күтүлүп жатат. Ал эми тоолуу аймактарда абанын температурасы +32, +37 градуска чейин жетиши күтүлөт.
Ошол эле учурда синоптиктер абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу дарыяларда суунун деңгээлинин көтөрүлөрүн белгилешкен.