О! мобилдик оператору санариптик экотутумду өнүктүрүп, байланыш сапатын жакшыртып жатат
О! мобилдик операторунун техникалык жумуштары 125 шаар менен айылдарда жүргүзүлдү, анын аркасында өлкөнүн миллиондон ашуун тургуну байланыштын сапатын жакшыртылгандыгын байкай алышты. Республикалык маанидеги Бишкек жана Ош шаары, ошондой эле:
Чүй облусунда: Кара-Балта, Токмок, Кант шаарларында, Кызыл-Бирлик, Суусамыр, Тунук, Беш-Терек, Чүй, Ак-Кашат, Төмөнкү Ала-Арча, Маевка, Кызыл-Бирлик, Ак-Жол, Шалта, Бирдик, Кара-Ой, Ленинское, Орто-Сай, Орто-Суу, Полтавка, Александровка, Ак-Торпок, Ак-Башат, Тельман атындагы, Панфилов, Вознесеновка, Чалдыбар, Кашка-Баш, Предтеченка, Темен-Суу, Красная Речка айылдарында, ошондой эле «Алтын-Кен» алтын кен комбинатында;
Ысык-Көл облусунда: Кабак, Коңур-Өлөң, Долон, Кош-Дөбө, Тогуз-Булак, Көк-Сай, Күрмөнтү, Ак-Булак айылдарында, Бактуу-Долоноту айылындагы «Каприз» эс алуу борборунда;
Талас облусунда: Көк-Ой жана Көк-Токой айылдарында;
«Пандемияга байланыштуу кырдаал бизге добуштук билдирүү байланыштын негизги каражаты болбой калгандыгын дагы бир жолу бекемдеди. Дээрлик бардык жеке жана жумушчу маселелер мессенжерлер жана соцтармактарда, видеочалууларда жана онлайн-конференцияларда онлайн чечилип жатат. Санариптик сервистерди активдүү таратуу жана «буюмдардын интернетин» өнүктүрүүнүн аркасы менен интернет-трафик туруктуу түрдө өсүүдө. Ошондуктан биз абоненттер үчүн санариптик экотутумду түзүшүбүз жана анын сапаттуу тейленүүсүн камсыздашыбыз керек», – деп белгиледи О! Мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко.
Камтуу картасы www.o.kg сайтында жеткиликтүү. Компаниянын операторлору менен Facebook, Instagram, «Одноклассники», «ВКонтакте», YouTube же Twitter социалдык тармактарында жеке билдирүүлөр аркылуу байланышса болот. Социалдык медиадан тышкары О! абоненттерин күнү-түнү колдоо кызматы жеткиликтүү. WhatsApp: + 996 705 700 700, Telegram: @Nurtelecom_bot жана www.o.kg сайтында онлайн-чат.
О! Мобилдик оператору – Кыргызстандагы 4G/3G/2G түйүндөрүн камтуу жана сыйымдуулугу боюнча лидер, анын камтуу аймагында өлкөнүн калкынын 99%ынан ашууну жашайт.