
Токмок шаарындагы батирлердин биринен аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар Токмок шаарынын 3-кичи районунда жайгашкан батирлердин биринин бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1948-жылы туулган П.Л. аттуу аял кишинин жансыз денеси табылган.
Маркумдун жансыз денеси ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилген.
Эшикти ачууга 3 куткаруучу тартылган.