Жалал-Абад шаарында ар кандай керектөөчү буюмдарды уурдап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү 3 тургун арыз менен кайрылган. Алар ушул жылдын 28-майынан 7-июнга чейинки аралыкта ишкана, стоматология жана мал сарайлардан акчалай каражаттарын, фотоаппарат, үй тиричилик жана курулуш-техникаларын белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкендигин билдиришкен. Жабырлануучулар жалпысынан 80 миң сомдон ашуун зыянга учурагандыгын белгилешкен.
Бул фактылар Жалал-Абад ШИИБинде каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы окуяларга шектүү катары Ош облусунун Өзгөн районунун 1982-жылы туулган тургуну Х.Ж. кармалган.
Анын баш коргоо чарасы Жалал-Абад шаардык сотунда каралып, 2 айлык мөөнөткө убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда шектүү башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугу такталууда. Тергөө амалдары уланып жатат.