ИИМдин криминалдык милиция кызматы Токмок шаарында аял кишини карактоого шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Июнь айынын аягында Токмок шаардык милициясына 35 жаштагы аял кишиге карата укукка каршы аракеттер жасалгандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөн. Анда түнкү саат 02:30 чамасында Токмок шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен белгисиз адам эшиктин алдындагы желим килемди өрттөп жиберген. Түтүндүн жытынын айынан батирдин кожейкеси эшигин ачып, сыртка чыкканда кылмышкер аялдын кекиртегине бычак такап, үйгө киргизип кеткен.
Үйгө киргенден кийин акча каражаттарын жана баалуу буюмдарын издеп баштаган. Үйүндө болгон бардык акча каражатын алып, андан соң из жашырып качып кеткен. Бул факты "каракчылык" беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынып, териштирүү башталган.
Шектүүнү кызматкерлер Чүй облусунун аймагынан кармашкан. Кармалган жаранды тергөө органына жеткиришип, андан соң ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кармалган жаран мурда оор кылмыш ишин жасагандыгы үчүн соттолгон. Ал Нарын облусунун 1991-жылы туулган И.Б. аттуу тургуну. ИИМдин криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча, шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.
Учурда иликтөө уланууда. Соттун чечими менен кармалган жаранга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.