Улуу Британиянын ханзаадасы Чарльздын аялы, ханбийке Диана тирүү болгондо быйыл 60 жашка чыкмак. Ал 36 жашында жол кырсыгынан каза тапкан.
Ханбийке Диананын жакындары анын адамдык сапаттарын, жашоого болго көз-карашын, тайманбастыгын, боорукерлигин баалап, эскерип келишет. Анын жалындуу сөздөрүн топтодук.
Көңүлдү жубаткан эң жакшы нерсе - эне колу.
Уулдары тууралуу:
Эгер сүйгөн адамыңызды тапсаңыз, коё бербеңиз.
Жообун күтпөстөн адамдарга жакшылык кыла бер. Бир күнү сен үчүн да бирөө ушундай кылышы мүмкүн.
Бакыт жөнүндө:
Эгер бактылуу болсоңуз, көп нерсени кечире аласыз.
Мага коомдун аялуу катмарына жардам бергенден өткөн бакыт жок. Бул менин жашоомдун эң маанилүү бөлүгү. Бул менин тагдырым.
Мен эрежелерге карап жашабайм. Мен акылымды эмес, жүрөгүмдү угам.
Жүрөгүң эмне десе, ошону жаса.