Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан бир аптанын ичинде 5137 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 25-июндан 1-июлга чейин Бишкек шаарынын аймагында 5137 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
- Мас абалында унаа башкаруу - 66 айдоочу;
- Унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 14;
- Айдоочулук күбөлүгү жок автоунаа башкаруу - 72;
- Авто ээн баштык - 2;
- “Коопсуз шаар” долбоору боюнча төлөнбөгөн айып пулдары бар авто унаалар - 27;
- Башка жол эрежелерин бузуулар - 4956
426 автоунаа ар кандай жасаган бузуулары үчүн убактылуу айып короо жайына токтотулган.