Дүйнөнүн эң бай адамы аталган Жефф Безос кызматынан кетти

"Amazon" компаниясынын негиздөөчүсү жана дүйнөдөгү эң бай адам аталган Жефф Безос компаниянын башкы директору кызматынан кетти. Анын ордун "Web Services" бөлүмүнүн мурунку башчысы Энди Жесси ээледи. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Андагы маалыматка ылайык, Жефф Безос аталган компаниянын төрагасы болуп кала берет. Ошондой эле эми ал кайрымдуулук иштерине, ар кыл долбоорлор менен иштөөгө көбүрөөк убакыт бөлөрү айтылат.


Белгилей кетсек, Безос "Amazon" компаниясын 1994-жылы дал ушул күнү, тагыраагы 5-июлда негиздеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан