Кара-Буура районундагы спорт мектептердин биринен өрт чыкты
Кечээ, 27-октябрда Талас облусунун Кара-Буура районундагы Кызыл-Адыр айылынын Чолпонбай көчөсүндө жайгашкан өспүрүмдөрдүн спорт мектебинде өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Өрттүн кесепетинен аянты 45 чарчы метр жуунуучу бөлмөнүн жыгач капталгасы, 3 эшик, 4 терезе күйүп кетти. Өрттүн келип чыгышы электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушунан экендиги аныкталды.