Хабиб Нурмагомедов Кыргыз өлкөсүнө 3-августта келет

UFC уюмунун мурдагы чемпиону, атактуу орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов Кыргыз өлкөсүнө 3-август күнү келет. Бул тууралуу мушкер өзү социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Кыргыз өлкөсү жакында көрүшөбүз. 3-август", - деп жазып, өзүнүн лигасынын видеосун жүктөдү.

Хабиб Нурмагомедов Кыргыз өлкөсүнө өзүнүн лигасын ("Eagle Fighting Promotions") өткөргөнү келет жана ал Ысык-Көлдө өтөрү белгиленди.

2020-жылдын 24-октябрында Абу-Даби шаарына жакын Яс аралында өткөн UFC 254 турниринде Хабиб Нурмагомедов америкалык мушкер Жастин Гэйтжини муунтуу ыкмасы менен утуп (29-0), карьерасын жыйынтыктап жатканын жар салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Altins77--
2021-07-06 19:59:52
Гелбей эле койсо ушул адам .Бекерге гелбейт да!!!!!! .телевизордон кордук болот ошол бизге.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан