Чүй облусунда талаада эгин чаап жүргөн комбайн толугу менен күйүп кетти. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
Видеого тарткан адамдын айтымында, күйүп кеткен комбайндын баасы 60 миң АКШ доллары. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин унаасы күйүп жаткан комбайнга жете алган эмес.
ӨКМ бул маалыматты тактады: "Тельман айылында талаада СLAAS үлгүсүндөгү комбайн толугу менен күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда", - деп билдиришти ӨКМдан.