Кечээ, 5-июлда саат 12:35те Кыргыз өлкөсү менен Өзбекстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 2 жарым баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
"Жер титирөө Ош облусунун Ноокат районунун Найман айылында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок", - деп билдиришти ӨКМдан.