Кадамжай районундагы каналга Daewoo Matiz унаасы түшүп кетип, анын кесепетинен 45 жаштагы аял каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
"Халмион айыл аймагынын Гүлдүрөмө айылында Нургазиев атындагы каналга Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1977-жылы туулган К.Т. аттуу аял киши каза болгон. Куткаруучулар жеткенге чейин маркумдун жансыз денесин жергиликтүү тургундар унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп жазылат билдирүүдө.