Бүгүн, 6-июлда Бишкекте 22 жаштагы баланын жансыз денеси каналдан табылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ӨКМга Бишкек шаарындагы Шабдан Баатыр кең көчөсү менен Мухтар Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишинде каналга 1999-жылы туулган К.И. аттуу эркек киши чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.
Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн Бишкек шаары боюнча Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.