Нарын облусунун Кочкор районундагы Бугучу айылында жаңы мектептин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мамлекеттик курулуш комитетинин басма сөз кызматынан билдирген.
“Мектеп 150 окуучуга ылайыкталып курулган, анда 300 окуучуга чейин билим берилет. Жаңы мектепте окуу корпусу, галереялары менен спорт залы, тамактануу жайы, актовый залы, ошондой эле химия, эмгек, физика жана информатика сабактарына керектүү жабдыктар менен жабдылган. Ошондой эле мектептерде толук кандуу билим берүү процесси үчүн бардык шарттар, шаймандар жана эмеректер менен камсыздалган”, – деп айтылат билдирүүдө.
Мектептин курулушу 2019-жылдын ноябрь айында башталып, болжолдуу баасы 690 миң 63 долларды түзгөн.